> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лев Толстой жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 90 метр жылуулук түтүктөрү алмаштырылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/21/lev-tolstoi-zhana-isanov-kocholorunun-kesilishindegi-90-metr-zhyluuluk-tutuktoru-almashtyrylat/
- Published: 2026-04-21T12:47:02.000Z
- Updated: 2026-04-21T12:47:01.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**Бишкекте Лев Толстой жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде темир жол тилкесинде курулуш-монтаж иштер жүргүзүлүп жатканын бүгүн шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.**

Иштер 2026-жылга карата өндүрүштүк программанын алкагында "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул тилкеде темир жолдун астынан өткөн жылуулук тармактарын кайра салуу иштери жүрүп жатат.

> Долбоордун алкагында диаметри 500 мм болгон түтүктөр 90 метр узундукта алмаштырылат.

Иштер атайын технологияны колдонуу менен аткарылууда — рельстик коопсуздук пакетин орнотуу. Бул ыкма поезддердин кыймылын токтотпостон жана бардык коопсуздук талаптарын сактоо менен курулуш иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.