> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Веложол Ала-Арчага чейин жеткирилет
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/21/velozhol-ala-archaga-cheiin-zhetkirilet/
- Published: 2026-04-21T09:54:47.000Z
- Updated: 2026-04-21T09:54:47.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Кызыктуу

**Бишкектин четинде Байтик айылынан Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына чейин узундугу 13 чакырым болгон веложолдун курулушу уланып жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча узундугу 4,2 чакырым болгон тилкеде асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген.

2026-жылы иштер уланууда: планга ылайык, дагы 4,8 чакырым тилкеде түздөө иштери жүргүзүлүүдө. Министрликтен кошумчалашкандай, курулуш бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат.