> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга быйыл 2 айда 25 892 автоунаа импорттолгон
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/22/kyrgyzstanga-byiyl-2-aida-25-892-avtounaa-importtolgon/
- Published: 2026-04-22T11:58:03.000Z
- Updated: 2026-04-22T11:58:02.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстанга 25 892 жеңил автоунаа импорттолгон. Алардын жалпы наркы 203,2 млн долларды түзгөнү Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жасалган талдоодон белгилүү болду.**

Импорт көлөмү сан жагынан 39%га, ал эми акчалай көрсөткүчтө 35,4%га өскөн. 

Негизинен январь айында жеңил автоунаалар төмөнкү өлкөлөрдөн алып келинген:

- Кытайдан — 12 687 даана;
- Түштүк Кореядан — 8 799 даана;
- АКШдан — 1 329 даана;
- Япониядан — 715 даана.

> Белгилей кетсек, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан алдын ала маалыматтарга ылайык 139 065 жеңил автоунааны импорттогон. Алардын жалпы наркы 1 млрд 78,6 млн долларын түзгөн.