> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга импорттолгон унаалардын саны кескин көбөйгөн
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/23/kyrgyzstanga-importtolgon-unaalardyn-sany-keskin-koboigon/
- Published: 2026-04-23T05:55:04.000Z
- Updated: 2026-04-23T05:55:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Кыргызстанда 2026-жылдын алгачкы эки айында өлкөгө кирген унаалардын саны кескин көбөйдү. Бул тууралуу экономика министрилиги билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, январь-февраль айларында Кыргызстанга 25 миңден ашык жеңил автоунаа импорттолуп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 39%га көп болду. Унаалардын көпчүлүгү Кытай жана Түштүк Кореядан келген.*

> *Ошол эле учурда экспорт болгону 623 автоунааны түзүп, анын көбү Орусияга жөнөтүлгөн.*

Мындан тышкары, өлкө автотетиктерди да активдүү сатып алууда. Импорт көлөмү жогору болгону менен, алардын бир бөлүгү кайра Орусияга экспорттолууда.