> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун айрым бөлүктөрү оңдолуп жатат
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/24/bishkek-naryn-torugart-zholunun-airym-boluktoru-ondolup-zhatat/
- Published: 2026-04-24T11:12:44.000Z
- Updated: 2026-04-24T11:12:43.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт

**Өлкө аймагындагы унаа жолдордун абалын жакшыртуу максатында чарбалык иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.** 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата Бишкек – Торугарт унаа жолунун 9-чакырымында, Новопокровка айылынын аймагында 1 300 чарчы метр аянтка асфальт төшөлүп жатат.

Ушул эле жолдун 12-чакырымында сол тараптагы 1000 чарчы метр чөккөн же көөп чыккан жерлери кайрадан сыйрылып, оңдолуууда. 

> Ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 536-544-чакырымдарынын аралыгы реконструкцияланып жатат.

> Ал эми Чоң-Дөбө – Лама унаа жолунун 6,8-8,8 чакырым аралыгында экинчи тилкеге асфальт төшөлүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 7 200 чарчы метр аянтка асфальт басылды.