> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарынын Ленин районунда  110,5 млн сомго жолдор оңдолот
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/24/bishkek-shaarynyn-lenin-raionunda-110-5-mln-somgo-zholdor-ondolot/
- Published: 2026-04-24T04:49:06.000Z
- Updated: 2026-04-24T04:49:05.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясы райондогу бир нече көчөнү капиталдык оңдоого тендер жарыялады.**

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяга ылайык, сатып алуу ыкмасы — чектөөсүз. Пландалган жумуштардын жалпы суммасы 110 млн 482 миң 671 сомду түзөт.

Арыздар 2026-жылдын 14-майы саат 16:05ке чейин кабыл алынат.

Төмөнкү лоттор коюлган:

1. Арча-Бешик көчөсүн Жайыл Баатыр проспектисинен Күйүков көчөсүнө чейин оңдоо — 51 млн 795 миң 421 сом;
2. Өмүр көчөсүн Кырк-Кыз көчөсүнөн Ай көчөсүнө чейин оңдоо — 3 млн 954 миң 515 сом;
3. Краснодарская көчөсүн Б.Алыкулов көчөсүнөн Тирапольская көчөсүнө чейин оңдоо — 26 млн 729 миң 86 сом;
4. Бердибаев көчөсүн Асылкеч көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин оңдоо — 28 млн 3 миң 649 сом.