> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкетеги А.Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/24/bishketegi-a-suiorkulov-zhana-zhukeev-pudovkin-kocholorunun-bir-bolugu-zhabylat/
- Published: 2026-04-24T13:13:28.000Z
- Updated: 2026-04-24T13:13:27.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бишкектеги А.Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши, ошондой эле Сүйөркулов көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн 100-150 метр аралыгы убактылуу жол кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, 25-апрелден 26-апрелге саат 9:00гө чейин жолду жабуу пландаштырылууда.*

> *Бул жерде диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн алмаштыруу үчүн курулуш жана орнотуу иштери жүргүзүлөт.*

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну жана маршруттарын алдын ала пландаштырууну суранат.