> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Петровка - Нарзан жолуна асфальт төшөлүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/24/petrovka-narzan-zholuna-asfalt-tosholuudo/
- Published: 2026-04-24T07:44:56.000Z
- Updated: 2026-04-24T07:44:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Чүй облусунун Москва районундагы Петровка - Нарзан булагы унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 52 чакырымды түзөт. 27 чакырымы буга чейин асфальтталып бүткөн. 

> *2026-жылга карата титулдук тизмеге киргизилип, кошумча 7 чакырым жолду асфальттоо пландалган. Бүгүнкү күндө анын 2 чакырымы толук аяктады.*

Эске салсак, Камышановка-Манас унаа жолуна дагы асфальт төшөө иштери жүрүүдө.