> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кырчын жайлоосуна баруучу жол Көчмөндөр оюндарына чейин бүткөрүлөт
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/27/kyrchyn-zhailoosuna-baruuchu-zhol-kochmondor-oiundaryna-cheiin-butkorulot/
- Published: 2026-04-27T08:29:46.000Z
- Updated: 2026-04-27T08:29:46.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кырчын жайлоосуна баруучу унаа жолду жаңылоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.**

Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 35 чакырым болгон жол асфальтталып, учурда курулуш иштеринин дээрлик жарымы аяктады. Долбоор Көчмөндөр оюндары башталганга чейин толугу менен бүткөрүлөрү пландалууда.

Жол куруу иштеринин алкагында кошумча инфраструктура да каралган. Тактап айтканда, жол жээгине 500 унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай жана ажатканалар курулат. Мындан тышкары, суу чыгарылып, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу максатында бак-дарактар тигилет.

> Ошондой эле туристтик зонага алып баруучу негизги жолдорду оңдоо иштери да жүргүзүлүүдө. Семёнов – Ак-Суу трассасынын 21 чакырымы толук реконструкциядан өтсө, Григорьев – Көл-Кашка-Суу багытында 14 чакырым жаңы жол салынып, эки капчыгайды бириктирет.

Белгиленгендей, бул долбоор Президенттин туристтик аймактарга баруучу жолдорду жакшыртуу боюнча берген тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жатат.