> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарындагы ири көчөгө асфальт төшөлүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/27/osh-shaaryndagy-iri-kochogo-asfalt-tosholuudo/
- Published: 2026-04-27T03:18:18.000Z
- Updated: 2026-04-27T03:18:17.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин жетекчилиги алдында Бекмамат Осмонов көчөсүндө асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы ырастады.**

Маалыматка ылайык, аталган объектиде жумуш кызуу жүрүп, 20 техника, 30дан ашуун жумушчу иштеп жатат. 

> Быйылкы жылга бул көчөнүн 10,6 чакырымын реконструкциялоо пландалган. Тактап айтканда, Мамыров көчөсүнүн Ак-Тилек айлампасынан баштап, Касымбеков көчөсүндөгү Манас айлампасына чейин толук жаңыланат. 

Эске салсак, Б.Осмонов көчөсү Ош шаарындагы шаардагы ири, маанилүү көчөлөрдүн бири болуп саналат. Бул жол шаардагы жаңы базарга алып барып, Баткен облусуна, Араван, Ноокат райондоруна баруучу жолго кошулат.