> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек-Ош-Бишкек багытындагы авиабилеттер 8 820 сомго чыктыбы?
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/28/bishkek-osh-bishkek-bagytyndagy-aviabiletter-8-820-somgo-chyktyby/
- Published: 2026-04-28T06:29:43.000Z
- Updated: 2026-04-28T06:29:42.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек-Ош-Бишкек ички багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган авиакомпанияларга эскертүү берилгенин билдирди.**

Мекеме адамдардын кайрылуулары, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтар менен социалдык тармактардагы талкуулардын негизинде мониторинг жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

> Анын жыйынтыгында Бишкек-Ош-Бишкек багытында авиабилеттердин баасы кескин кымбаттаганы аныкталган. Айрым авиакомпанияларда бир тарапка 8 820 сомго чейин жетсе, кээ бирлери 6 000 сом деп койгон. Буга байланыштуу AVIA TRAFFIC COMPANY, TEZJET, “АЭРО НОМАД ЭЙРЛАЙНС”, Sky FRU жана “Асман эйрлайнс” компанияларына эскертүү берилди.

> Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эсебинде Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча бир тарапка билеттин баасы болжол менен 6 000 сом. Ички каттамдарда билеттин баасы кымбат болуп жатканы жакында эле Жогорку Кеңеште айтылган. 

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейсбук баракчасына 2026-жылдан тартып көпчүлүк аймактарга ички аба каттамдарынын билеттеринин баалары арзан жана туруктуу болорун жазган. Ал бул президенттин жеке колдоосу менен өлкөнүн Турукташтыруу фондунун дотацияларынын алкагында ишке ашарын билдирген.