> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын – Баетов унаа жолунда асфальт төшөө уланууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/28/naryn-baetov-unaa-zholunda-asfalt-toshoo-ulanuuda/
- Published: 2026-04-28T08:10:44.000Z
- Updated: 2026-04-28T08:10:44.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Нарын – Баетов унаа жолунун бир нече чакырымдарында курулуш иштери активдүү жүрүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министелигинен билдиришти.** 

Бүгүнкү күнгө карата:

- 8-13-чакырымга чейинки тилкесинде экинчи катмар асфальт төшөлүп жатат.
- 84-115-чакырымга чейинки тилкенин 11.7 чакырымына биринчи катмар асфальт басылып, калган тилкеде жер иштери жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу процесси жүрүүдө.
- 99-102 чакырымдын оң тарабына биринчи катмар асфальт басылууда.
- 115-120-чакырым аралыгына асфальт-бетондун төмөнкү катмарын төшөө жумуштары жүрүүдө.

> Белгилей кетсек, Нарын — Баетов унаа жолунун жалпы узундугу - 120 чакрымды түзөт.

Унаа жолунун курулушуна керектүү бардык ресурстар толук камсыздалган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-28-at-12.22.09.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-28-at-12.22.11-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp-Image-2026-04-28-at-12.22.11.jpeg)