> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аксыда селдин кесепетинен жабылган жолдун бир тарабы ачылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/29/aksyda-seldin-kesepetinen-zhabylgan-zholdun-bir-taraby-achyldy/
- Published: 2026-04-29T08:48:06.000Z
- Updated: 2026-04-29T08:48:05.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Аксы районундагы Кара-Жыгач — Кара-Суу унаа жолунун бир тарабы ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.** 

Түндөгү катуу жааган жаандан улам сел жолду толук бөгөп калган.  
Жолдун 9 жерин чоң сел алган.

> Таңдан бери жеринде "Кыргызавтожол-Түштүк" МИнин Nº12 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп, жамгырдан кийинки табигый кырсыктарды жоюу иштерин аткарышууда.

Ушу тапта жеринде техникалар иштеп жатат. Жол каттам бир тараптуу ачык.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-68.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/3-50.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4-42.jpeg)