> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Майрам күндөрүнө карата аймактарга каттамдардын саны көбөйтүлөт
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/29/mairam-kundoruno-karata-aimaktarga-kattamdardyn-sany-koboitulot/
- Published: 2026-04-29T09:45:28.000Z
- Updated: 2026-04-29T09:45:27.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**30-апрелден тартып майрам күндөрүнө карата Бишкек автобекетинде каттамга чыккан унаалардын саны көбөйөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан ырасташты.**

Белгилей кетсек, иш күндөрү Нарын жана Ысык-Көл багыттары боюнча 100гө чукул унаа каражаты чыкса, майрам күндөрү бул көрсөткүч 2 эсе өсөт. Бишкек шаарындагы автобекеттер кадимки режимде иш алып барууда. 

> *Автобекеттин иштөө убактысы күн сайын эртең мененки саат 07:00дөн кечки 23:30га чейин болот. Күндүзгү убакыт 07:00дөн 19:00гө чейин, Нарын жана Ысык-Көл багыттарына негизинен кичи автобустар каттайт. Ал эми кечки 21:00дөн 23:30га чейинки аралыкта, аталган багыттар боюнча чоң көлөмдүү автобустардын каттамдары уюштурулуп, Ысык-Көл облусуна 5, Нарын облусуна 1 автобус каттайт.*

> *Ошондой эле Алматы, Тюмень, Кашгар жана Артуш эл аралык каттамдары туруктуу иш алып барууда.*

> *Мындан тышкары, батыш багытын тейлеген Ак-Кула автобекетинде Талас облусуна жана Ташкент, Джизак эл аралык чоң автобустук каттамдары иш алып барууда.*

Ошондой эле аба-ырайынын жылышы менен сезондук каттамдар да каралган 15-майдан 15-октябрга чейин Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен багыттары боюнча кичи автобус каттамдары да ишке киргизилет.