> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тепке-Каракол жолуна асфальт төшөлүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/04/30/tepke-karakol-zholuna-asfalt-tosholuudo/
- Published: 2026-04-30T03:45:54.000Z
- Updated: 2026-04-30T03:45:53.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке - Курбу - Жылдыз – Каракол унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мекемесинен билдиришти**.

> *Маалыматка ылайык, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, жалпы 3 чакырым жолго асфальт төшөө иштери каралган. Учурда 16,2 -17,5-чакырым аралыгындагы 1,3 чакырымына бир тараптуу асфальт төшөлүүдө.*

> *Иштер “Кыргызавтожол-Түндүк” кызматына караштуу №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.*

Бул долбоор аймактагы транспорттук каттамды жакшыртып, жол коопсуздугун жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.