> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Ош жолуна ири көлөмдөгү таш түштү
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/05/bishkek-osh-zholuna-iri-kolomdogu-tash-tushtu/
- Published: 2026-05-05T05:43:47.000Z
- Updated: 2026-05-05T05:43:46.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**4-майдан 5-майга караган түнү саат 01:00–02:00 чамасында Бишкек–Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 440+000-(Тилке: Кара-Көл менен Таш-Көмүрдүн ортосу) чакырымында ири көлөмдөгү таш көчкү түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар мнистрлигинен билдиришти.**

> *Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайын техникалары тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жолдун бир тарабы ачылып, унаалар үчүн бир тараптуу кыймыл камсыздалды.*

“Азыр жол эки тараптуу ачылды. Айдоочулардан этият болууну жана жол эрежелерин так сактоону суранабыз”, - дейт министрликтен.

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) **жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*