> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында 93 млн 600 миң сомго көчөлөр оңдолот
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/05/narynda-93-mln-600-min-somgo-kocholor-ondolot/
- Published: 2026-05-05T06:04:17.000Z
- Updated: 2026-05-05T06:04:16.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Быйыл Нарын шаарындагы алты көчө асфальтталат. Учурда анын эки көчөсүндө жумуштар башталды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдирди.**

Учурда М.Кенжеакунов жана Гүлазык көчөсүн асфальттоого даярдыктар көрүлө баштады. Аталган көчөлөрдүн асфальттка чейинки негизи катмары № 41-жол тейлөө мекемеси тарабынан жасала баштады.

> *Муну менен катар эле муниципалдык менчикти башкаруу ишканасы жана жергиликтүү тургундар тарабынан жолго чыккан ар кандай курулуштар, тосмолор алынып жатат.*

Бул ички жолдорду асфальттоо долбоору 2025-жылы Президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 93 миллион 600 миң сом акча каражатынын эсебинен ишке ашырылып жатат. Быйыл Нарын шаарындагы 6 көчө жасалат.