> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзгөндө селдин кесепетинен жабылган жолдор ачылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/05/ozgondo-seldin-kesepetinen-zhabylgan-zholdor-achyldy/
- Published: 2026-05-05T04:37:53.000Z
- Updated: 2026-05-05T04:37:53.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу айрым аймактарда сел жүрүп, автоунаа жолдоруна кум, шагыл жана таштар агып түшкөн. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жана активдүү жүргүзүлүүдө.

> *Министрликтин маалымдашынча, Мырза-Аке-Кара-Баткак жолунун 1-чакырымынан 8-чакырымына чейинки бөлүгүндө селдин кесепетинен түшкөн кум, шагыл жана таштарды тазалоо иштери №5 жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.*

> *Мындан тышкары, Жыланды-Ийри-Суу-Чангет автоунаа жолунун 4 -8-чакырым аралыгында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен жол бетине кум, шагыл жана таштар агып келип, автоунаалардын кыймылы убактылуу токтогон. Аталган тилкеде айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, бир даана экскаватор жана №5 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иштер жүргүзүлүп, жол ачылып, автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу шарт түзүлдү.*

Министрлик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканын маалымдайт жана жарандарды аба ырайынын шарттарын эске алуу менен этият болууга чакырат.