> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын-Баетов жолу оңдолууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/06/naryn-baetov-zholu-ondoluuda/
- Published: 2026-05-06T04:57:56.000Z
- Updated: 2026-05-06T04:57:56.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Нарын-Баетов унаа жолунда реконструкция иштери белгиленген мерчемдерге ылайык жигердүү жүргүзүлүүдө. Аталган жолдун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.**

> *Маалыматка таянсак, учурда төмөнкү тилкелерде иштер аткарылууда:*

> *8-13-чакырым аралыгында 2,3 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө.*

> *13-33-чакырым аралыгында эски асфальт катмарын алуу жана жер жумуштары жүргүзүлүүдө.*

> *33-38-чакырым аралыгында жер казуу иштери уланууда.*

> *84-120-чакырым аралыгында асфальт төшөө жана жер жумуштары аткарылып жатат.*

Белгилеей кетсек, Нарын-Баетов унаа жолу капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №1 жол курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылууда. Жол эки тилкелүү болуп, заманбап талаптарга ылайык курулууда.