> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Балта - Моңолдор жолуна асфальт төшөлүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/07/kara-balta-monoldor-zholuna-asfalt-tosholuudo/
- Published: 2026-05-07T08:07:15.000Z
- Updated: 2026-05-07T08:07:14.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта - Моңолдор унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.**

> *Маалыматка караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери пландалган. Учурда анын 900 метрине асфальт төшөлүп бүттү.*

> *Иштер “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №40 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.*

Жол оңдоо иштери бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүп, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) **жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*