> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Төө-Ашууда жана Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/11/too-ashuuda-zhana-otmok-ashuusunda-kar-zhaap-zhatat/
- Published: 2026-05-11T04:23:59.000Z
- Updated: 2026-05-11T04:28:16.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бүгүн Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашууларында кар майдалап жаап жатат. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, жол тейлөө кызматтары тарабынан жолго инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Атайын техникалар тартылып, жолдун абалы көзөмөлгө алынган.*

> *Азыркы учурда унаа каттамы ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз камсыздалууда.*

Аталган ишкана жарандарды жол эрежелерин жана унаалар ортосундагы аралыкты сактоону өтүнөт.