> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунда көпүрө курулууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/12/balykchy-bokonbaev-karakol-zholunda-kopuro-kuruluuda/
- Published: 2026-05-12T13:45:06.000Z
- Updated: 2026-05-12T13:45:05.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун 140-чакырымында жайгашкан көпүрөдө курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, учурда объектте көпүрөнүн тирөөч жана каптал дубалдарын куруу боюнча негизги жумуштар аткарылууда. Курулуш аянтчасында арматураларды монтаждоо, калыптарды орнотуу жана бетон куюу процесстери жүргүзүлүп жатат. Иштер атайын техникалардын жардамы менен этап-этабы боюнча жүрүүдө. Ошондой эле бетон конструкцияларынын сапатын камсыздоо максатында тиешелүү технологиялык талаптар сакталууда.*

> *Объектте куруучулар жана инженердик-техникалык кызматкерлер тарабынан күнүмдүк өндүрүштүк иштер уюштурулуп, курулуштун жүрүшү туруктуу көзөмөлдөнүүдө.*

Долбоор толук аяктагандан кийин жол кыймылынын коопсуздугу жогорулап, аймактагы транспорттук каттам үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.