> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сел жууп кеткен көпүрө калыбына келтирилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/12/sel-zhuup-ketken-kopuro-kalybyna-keltirildi/
- Published: 2026-05-12T06:55:32.000Z
- Updated: 2026-05-12T06:55:31.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Жалал-Абад облусундагы селден улам Ак-Там айылындагы көпүрө жабыркаган. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Кербен - Ала-Бука - Чаткал унаа жолунун 23-8 чакырымында жайгашкан Ак-Там айылындагы Чанач-Сай жайлоосуна кетүүчү жолдогу эки тарабын сел жууп кеткен көпүрөнү бетон менен бекемдөө иштери аткарылууда.

> *Азыркы тапта жеңил жана жүк ташуучу унааларга каттам берилди.* 

> *Көпүрөнү бекемдөө иши №17 жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүп, жеринде атайын техникалар тартылган.*

Белгилей кетсек, кечээ 11-майдагы катуу жааган жаандан улам аталган көпүрөнүн эки тарабын сел агымы оюп кеткен.