> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/13/bishkek-naryn-torugart-zholunun-9-1-chakyrymy-toluk-zhanylanuuda/
- Published: 2026-05-13T04:41:32.000Z
- Updated: 2026-05-13T04:41:32.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Түндүк айланма жолдун жалпы узундугу – 33,4 чакырымды түзөт. Учурда Алмата – Бишкек – Ташкент жолунун 24,3 чакырымы жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда. Бул туралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында 13 транспорттук түйүн каралган. Анын 11и жаңы курулуп, экөөсү капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Ошондой эле, иштеп жаткан көпүрөлөр кеңейтилүүдө. 

Жол 6 тилкеге чейин, ал эми транспорттук түйүндөрдө 2+2 тилкеге чейин кеңейтилет. Ар бир тилкенин туурасы эл аралык стандартка ылайык 3,75 метрден болот. 

> *План боюнча бул тилкелерде светофорлор болбойт, ал унаалардын токтоосуз кыймылын камсыздайт.* 

> *Жөө адамдарга жер үстүнөн өтмөктөр, 2,25 метрлик тротуарлар жана жолдун бардык тилкелеринде заманбап жарыктандыруу каралат.* 

Долбоор борбор калаанын айланасындагы тыгындарды азайтууга багытталган.