> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагы аркылуу жол курулат
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/13/kyrgyz-turk-manas-universitetinin-aimagy-arkyluu-zhol-kurulat/
- Published: 2026-05-13T11:51:47.000Z
- Updated: 2026-05-13T11:51:46.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагы аркылуу Б.Миңжылкыев көчөсүн узартуу иштери башталат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйында билдирди.**

> *Анын айтымында, Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планы Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилип, күчүнө кирди. Жакынкы күндөрдө тиешелүү чечимдерге кол коюлуп, андан соң долбоорду ишке ашыруу башталат.*

> *Мэр Кыргызстандын мыйзамдарында "жабык кампус" деген түшүнүк жоктугун, ал эми мамлекеттик университеттер шаар куруу талаптарына жана колдонуудагы ченемдерге жооп бериши керектигин кошумчалады.*

> *Ал аймакта коомдук транспорттун аялдамалары болбой турганын, ал эми жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктөр каралганын айтты.*

Жунушалиев Бакаев көчөсү Миңжылкиев көчөсү менен байланыштырыларын маалымдады. Ал учурда жолдорду куруу гана каралып жатканын, мурдагы аэропорттун аймагына турак үйлөрдү куруу боюнча маалымат чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.