> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түндүк айланма жолу 6 тилкелүү болот
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/13/tunduk-ailanma-zholu-6-tilkeluu-bolot/
- Published: 2026-05-13T11:08:19.000Z
- Updated: 2026-05-13T11:08:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**12-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Бишкектин Түндүк айланма жолунун курулушу менен таанышты.**

> *Долбоордун аткарылышы жана курулуштун сапаты тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев маалымат берди.*

Долбоордо каралган жолдун жалпы узундугу - 33,4 чакырымды түзөт. Учурда Алматы - Бишкек -Ташкент жолунун 24,3 чакырымы жана Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда.

6 тилкелүү жол эл аралык стандарттарга ылайык салынып жатат. Өзгөчөлүгү жолдо жол чырактары болбойт. Бул унаалардын токтоосуз өтүүсүнө шарт түзмөкчү.