> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# JICAнын колдоосу менен Кыргызстанда 30дан ашык долбоор ишке ашты
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/14/jicanyn-koldoosu-menen-kyrgyzstanda-30dan-ashyk-dolboor-ishke-ashty/
- Published: 2026-05-14T10:26:36.000Z
- Updated: 2026-05-14T10:26:35.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**14-майда Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Котаро Нишигата менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлик менен JICA ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Т.Солтобаев Кыргызстандын жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн Япония өкмөтүнө жана JICA уюмуна ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, JICAнын колдоосу менен өлкөдө жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган 30дан ашык долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул долбоорлор жолдордун абалын жакшыртууга, автоунаа каттамдарынын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоого жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга олуттуу салым кошту.

> *Ошондой эле, министр өлкө аймагынан өткөн эл аралык транспорттук коридорлорду жакшыртуу жана жүргүнчүлөр менен жүктөрдүн коопсуз, үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.* 

> *Мындан тышкары, стихиялык кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана алардан коргонуу стратегиясына жооп берген бир катар долбоордук сунуштар JICAга жөнөтүлгөнүн айтып, аларды оң кароону өтүндү.*

Өз кезегинде JICAнын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Котаро Нишигата өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен түзүлгөн тыгыз кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.