> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Корумду – Балбай Баатыр жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/15/korumdu-balbai-baatyr-zholunda-asfalttyn-ekinchi-katmary-tosholuudo-2/
- Published: 2026-05-15T12:32:51.000Z
- Updated: 2026-05-15T12:32:51.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай Баатыр тилкесинде асфальт-бетон катмарынын экинчи катмарын төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.**

Учурда тротуарлар менен веложолдун негизин даярдоо жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө 79,2 чакырымга асфальттын төмөнкү катмары, ал эми 44 чакырымга үстүнкү катмары төшөлдү.

> Ошондой эле 14 көпүрө жана 2 жер алдындагы өтмөктүн курулушу дээрлик аяктап, негизги жолдогу 234 суу өткөрүүчү түтүк толугу менен орнотулду.

Белгилей кетсек, долбоор 2024-жылдын 1-апрелинде башталган. Анда жолду 4 тилкеге кеңейтүү, тротуар жана веложол куруу каралган.