> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымына асфальт төшөлөт
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/15/ylai-talaa-gulcho-zholunun-55-chakyrymyna-asfalt-tosholot-2/
- Published: 2026-05-15T06:09:51.000Z
- Updated: 2026-05-15T06:09:51.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Кара-Кулжада Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 55 чакырымы реконструкцияланып, асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, учурда аталган жол тилкесинде жер жумуштары жүрүүдө. Долбоорго ылайык, жолдун туурасы 14 метрге чейин кеңейтилет.

> Азыркы тапта жумуштардын эң татаал бөлүгү деп эсептелген 7 чакырымдык тилкеде жер кыртышын даярдоо иштери аткарылууда.

Курулушту подрядчы компания жүргүзүп, техникалык талаптар жана жол курулушунун сапаты министрликтин көзөмөлүндө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-15-at-11.38.56-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-15-at-11.38.57-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-15-at-11.38.57.jpeg)