> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Балыкчы каттамы боюнча  поезд жүрө баштайт
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/19/bishkek-balykchy-kattamy-boiuncha-poezd-zhurup-bashtait/
- Published: 2026-05-19T08:43:56.000Z
- Updated: 2026-05-19T10:00:16.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**5-июндан тарта Бишкек-2 – Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди каттай баштайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, бул өлкө тургундарына жана конокторуна жайкы эс алууну ыңгайлуу жана коопсуз шартта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

> *Каттамдын графиги:*

> *5-июндан 21-июнга чейин – жума, ишемби жана жекшемби күндөрү;*

> *26-июндан 13-сентябрга чейин – күн сайын.*

Белгиленгендей, поезд сентябрдын ортосуна чейин каттап, жүргүнчүлөргө жайкы эс алууну жана сапарларды алдын ала пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.