> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Франция темир жол тармагындагы кызматташууну күчөтөт
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/19/kyrgyzstan-menen-frantsiia-temir-zhol-tarmagyndagy-kyzmattashuunu-kuchotot/
- Published: 2026-05-19T10:14:07.000Z
- Updated: 2026-05-19T10:14:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Франциянын Кыргызстандагы Элчиси Николя Фай жана "Alstom" француз компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Жолугушууга ошондой эле Казакстандагы Франция Элчилигинин экономика маселелери боюнча кеңешчиси Людовик Леа, "Alstom" компаниясынын Борбор Азия боюнча директору Жером Буайе жана элчиликтин өкүлдөрү катышты.

> Тараптар транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулап, өзгөчө темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө көңүл бурушту. Анда Кытай, Казакстан жана Өзбекстан менен темир жол байланыштарын жакшыртуу, ошондой эле ички темир жол тармагын модернизациялоо маселелери каралды.

Француз делегациясы Кыргызстандагы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, транспорт, каржы жана темир жол тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар транспорт жана инфраструктура тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин белгилешти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-29.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/5-8.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-25.jpeg)