> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Темир жол куруу алкагында 214 үй буздурулат
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/19/temir-zhol-kuruu-alkagynda-214-ui-buzdurulat/
- Published: 2026-05-19T03:22:23.000Z
- Updated: 2026-05-19T03:22:23.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Кыргызстан – Кытай ­– Өзбекстан темир жолун куруунун алкагында 214 үй сүрдүрлөт. Бул тууралуу транспорт министринин орун басары Алмаз Тургунбаев парламенттин жыйынында билдирди.**

> *А.Тургунбаев 191 үй Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, калганы Нарын облусунда жайгашканын айтты.*

> *Министрдин орун басары үйлөрү түрттүрүлө турган жарандарга компенсация төлөп берилерин белгиледи.*

Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу болжол менен 530 чакырымдан ашат, анын ичинен 304 чакырымга жакыны Кыргызстандын аймагынан өтөт.