> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түндүк – Түштүк альтернативдик жолу убактылуу ачылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/19/tunduk-tushtuk-alternativdik-zholu-ubaktyluu-achylat/
- Published: 2026-05-19T07:28:32.000Z
- Updated: 2026-05-19T07:28:31.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Стратегиялык мааниге ээ болгон Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу жакынкы күндөрү убактылуу ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, учурда сезондук каттамды ачууга байланыштуу даярдык иштери жана коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чаралар жүргүзүлүүдө.

> Аталган унаа жолу жыл сайын июнь айынан ноябрь айына чейин пайдаланууга берилет.

Министрлик айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты ашырбоого жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.