> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ала-Бука – Кербен жолундагы көпүрөнү суу алып кетип, жол кыймылы убактылуу чектелди
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/20/aksyda-selden-ulam-kopuro-zhabyrkap-zhol-ubaktyluu-zhabyldy/
- Published: 2026-05-20T04:46:55.000Z
- Updated: 2026-05-20T04:46:54.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Ала-Бука – Кербен унаа жолунун 23,8-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн эки жагын суу алып кеткендиктен, жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.**

Учурда аталган тилкеде абал кооптуу бойдон калууда. Буга байланыштуу көпүрө аркылуу жеңил унаалар гана өткөрүлүп, жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу тыюу салынды.

> Жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканасынын адистери жана атайын техникалар иш алып барууда. Учурда көпүрөнүн четтерин бекемдөө жана кесепеттерди жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Жолдун абалы жана киргизилген чектөөлөр боюнча кошумча маалымат берилери маалымдалды.