> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги №43 автобустун каттамынын жүрүү схемасы өзгөрдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/20/bishkektegi-43-avtobustun-kattamynyn-zhuruu-skhemasy-ozgordu/
- Published: 2026-05-20T03:43:36.000Z
- Updated: 2026-05-20T03:43:36.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**20-майдан тарта Бишкек шаарындагы №43 коомдук транспорт каттамынын жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.** 

Бул чечим шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

> Жаңыланган схемага ылайык, №43 каттамы төмөнкү көчөлөр аркылуу жүрөт:  
> Мурас-Ордо көчөсү, Школьная көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Махатма Ганди көчөсү, Чүй проспектиси, Бейшеналиева көчөсү, Токтогул көчөсү жана Фучик көчөсү.

Шаар тургундары жана коноктору каттамдагы өзгөрүүлөрдү алдын ала эске алып, сапарларын пландап алуусу сунушталат.