> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүй облусундагы жолдордун сапаты текшерилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/20/chui-oblusundagy-zholdordun-sapaty-teksherildi/
- Published: 2026-05-20T10:01:32.000Z
- Updated: 2026-05-20T10:01:31.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Курулуш министрлиги тарабынан бир катар калктуу конуштарга төшөлгөн асфальттын сапатын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Токмок шаары, Жаңы-Жол айылы, ошондой эле Ысык-Ата районунун Рот-Фронт, Ивановка жана Тельман айылдарында төшөлгөн асфальт-бетон жабындысынын сапатына көзөмөл жүргүздү.

> *Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө адистер кийинки лабораториялык сыноолорду өткөрүү үчүн керн үлгүлөрүн тандап алды.*

Текшерүү төшөлгөн асфальттын белгиленген талаптарга жана курулуш ченемдерине шайкештигин аныктоо максатында жүргүзүлүүдө.