> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Каракол – Эңилчек жолундагы селдин калдыктары тазаланды
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/20/karakol-enilchek-zholundagy-seldin-kaldyktary-tazalandy/
- Published: 2026-05-20T08:36:58.000Z
- Updated: 2026-05-20T08:36:58.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**19-майда күнү аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрдү. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 4-5-чакырым аралыгында, Каракол – Раздольный унаа жолунун 6-7-чакырымдарында жана Госдорога –Үч-Кайнар унаа жолунда нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүргөн.

> *Сел жүргөн жерде №11 Жол тейлөө ишканасынын филиалы тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, атайын техникалардын жардамы менен күнү-түнү жолго чыккан сууларды буруу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.*

Учурда унаа кыймылы чектөө жок, тиешелүү жол белгилери орнотулган. 

“Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасы айдоочулардан жол жүрүүдө этият болуп, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт.