> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөнүн айрым аймактарында мотоунааларга чектөө киргизилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/20/olkonun-airym-aimaktarynda-motounaalarga-chektoo-kirgizildi/
- Published: 2026-05-20T07:20:38.000Z
- Updated: 2026-05-20T07:20:37.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Кыргызстанда экосистемаларды сактоо жана жаратылыш аймактарын коргоо максатында айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын пайдаланууга чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.**

Токтомго ылайык, мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө төмөнкү аймактарда чектөө коюлду:  
– өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында;  
– парктык-пляждык зоналарда;  
– жайыттарда.

> Маалыматка ылайык, бул чектөөлөр автомобиль жолдорундагы кыймылга тиешеси жок. Ошондой эле экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштурууга тоскоолдук жаратпайт.

Мындан тышкары, мамлекеттик маанидеги илимий-изилдөө жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилбейт.