> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чолпон-Ата айланма жолу 4 тилкелүү болуп курулууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/21/cholpon-ata-ailanma-zholu-4-tilkeluu-bolup-kuruluuda/
- Published: 2026-05-21T09:15:48.000Z
- Updated: 2026-05-21T09:15:47.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Узуну 15,64 чакырымды түзгөн 4 тилкелүү Чолпон-Ата айланма унаа жолунун курулушу графикке ылайык жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, курулушта 123 атайын техника жана жабдыктар үзгүлтүксүз иштеп жатат. 

> *Учурда жол жээгин тазалоо жана бадалдарды жулуп тазалоо, жер жумуштары аткарылууда.*

> *Курулуш алкагында 791 миң м³ казылган топурак үймөккө чыгарылып, карьерден алынган материалдар менен 76,4 миң м³ жер тосмосу курулду.* 

> *Өрнөк айылында асфальт-бетон заводу жана майдалоочу-сорттоочу орнотмо мобилизацияланып, битум кудугу даярдалды.* 

Долбоор боюнча 45 суу өткөрүүчү түтүк каралган. Ал эми ПК 35+51 дарегиндеги көпүрөдө тирөөчтөрдүн астын казуу иштери дээрлик аяктап калды.