> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Яндекс Go шаарлардын ортосунда жүрүү үчүн «Шаар аралык» сервисин сунуштайт
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/21/iandeks-go-shaarlardyn-ortosunda-zhuruu-uchun-shaar-aralyk-servisin-sunushtait/
- Published: 2026-05-21T11:18:43.000Z
- Updated: 2026-05-21T11:18:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Кыргызстандын шаарларынын ортосунда жүрүү үчүн Яндекс Go супераппында эми "Шаар аралык" сервиси пайда болду.**

 Колдонуучулар жол жүрүү үчүн алдын ала орун алып – **жалгыз** же **жолоочу менен чогуу** бара турган сунушту тандай алат. **Алгач** ишке кире турган маршруттар – **Бишкектен Балыкчыга, Чолпон-Атага, Караколго, Токмокко жана Кара-Балтага; Оштон Манаска; Тамчыдан Караколго** жана **Балыкчыдан Чолпон-Атага** чейин жеткиликтүү болот. Жол жүрүүлөр **эки тарапка бирдей** жеткиликтүү. Акырындык менен маршруттун **тизмеси кеңейе берет.**

> **Жолго чыгуу үчүн** колдонуучулар тиркемеден **маршрутту көргөзүп,** сунушталган тизмедеги **айдоочулардын бирин тандап**, буйрутманы ырасташы керек. Андан соң жүргүнчү менен **айдоочу байланышып,** жолго чыгуу **убактысын, жолугушчу жерди** жана башка жагдайларды **макулдашып алышат.** Эгерде тандалган күнгө айдоочунун сунушу жеткиликтүү болсо, жолго чыгууну **ошол күнгө** же **максимум үч күнгө** чейин алдын ала **пландаштырса болот.** Колдонуучу дароо унаанын **салонун толук** ээлеп же **бир-эки орунду** сатып алып, башка жүргүнчүлөр менен **чогуу кете алат.** Айдоочу жол жүрүүнүн жеткиликтүү форматын алдын ала көрсөтөт.

Сервистеги башка тейлөө тарифтериндегидей эле, айдоочу менен жүргүнчүлөр жол жүрүүдө **800 000 сомго чейин камсыздандырылат.**

Бардык сапарда заманбап **коопсуздук технологиялары**, мисалы, ылдамдыкты жана айдоонун стилин **автоматтык түрдө көзөмөлдөө иштеп турат.** Колдонуучулар үчүн тиркемеде «Коопсуздук» бөлүмү жеткиликтүү, ага кирип, колдоо кызматына кайрылып, колдоо сураса болот же өз маршрутун жакындары менен бөлүшө алат.