> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэри: маселе самокатта эмес, аны колдонуу маданиятында
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/22/bishkek-meri-masele-samokatta-emes-any-koldonuu-madaniiatynda/
- Published: 2026-05-22T10:45:31.000Z
- Updated: 2026-05-22T10:45:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Эгерде Бишкек шаарында электр чыгырыктарынын көйгөйү жөнгө салынбаса, мэрия шаардагы тартип жана тургундардын саламаттыгы үчүн алардын жүрүшүнө тыюу салышы күтүлөт. Мындай пикирин шаар башчы Айбек Джунушалиев билдирди.**

> Анын айтымында, электр чыгырыгы менен велосипедди колдонууга байланышкан түшүндүрүү иштери коомдо жетишсиз болуп жатат. Андыктан шаарда бир самокатка эки адам минип жүргөн же велосипед айдагандар жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелерде жүргөн учурлар көп. Себеби, тийиштүү маданияттын жоктугунда.

Белгилей кетсек, буга чейин мэрия электр самокаттарынын максималдуу ылдамдыгын 25 км/сааттан 15 км/саатка чейин төмөндөтүү боюнча Министрлер кабинетинин токтом долбоорун даярдаган. Бирок документ азырынча кабыл алына элек.

Акыркы учурда тротуарда ылдам жүргөн же туура эмес жерге ташталган электр чыгырыктар жана коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы тууралуу шаардыктардын арыздары көп айтылууда.

Билдирүүлөргө караганда, шаарда сезон учурунда ай сайын электр чыгырыктары менен 100 миңдеген сапарлар жасалат. Операторлордун айтымында, алардын көпчүлүгү көңүл ачуу үчүн эмес, коомдук транспортко альтернатива катары шаардыктар тарабынан колдонулат.