> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кырчын жайлоосунун жолуна асфальт төшөлүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/22/kyrchyn-zhailoosunun-zholuna-asfalt-tosholuudo/
- Published: 2026-05-22T11:11:43.000Z
- Updated: 2026-05-22T11:11:43.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка – Көл ­– Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырым тилкесинде учурда жолдун негизин даярдоо жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, долбоор Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, анын алкагында Семёновка – Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымы жана Григорьевка – Көл­ – Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырымы жаңыланууда. Жалпысынан 35 чакырым жолду оңдоо пландалган. Бүгүнкү күндө анын 18 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктады.

> *Жол куруу иштери “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №7 Жол тейлөө ишканасы тарабынан заманбап технологияларды колдонуу менен аткарылууда.*

Аталган жол Кырчын жайлоосуна алып баруучу негизги каттамдардын бири болуп саналат. Жолдун жаңыланышы аймакка келген эс алуучулардын агымын көбөйтүүгө, ошондой эле алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларын жогорку деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт.