> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун 80 чакырымына асфальт төшөлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/26/ala-buka-zhany-bazar-kirovka-zholunun-80-chakyrymyna-asfalt-tosholdu/
- Published: 2026-05-26T06:40:52.000Z
- Updated: 2026-05-26T06:40:51.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыштырган стратегиялык маанидеги Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.** 

Учурда жолдун 80 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. Калган 20 чакырым тилкеде асфальттоо иштери жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, 0–64 жана 79–100-чакырымдар аралыгында асфальттын биринчи катмары төшөлгөн. Ал эми 0–48 жана 91–100-чакырымдарында экинчи катмарын төшөө иштери аяктады.

> Азыркы тапта Чапчыма ашуусунун айланасындагы 64–79-чакырымдарда жер жумуштары жана жолдун негизин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 48–64-чакырымдар аралыгында асфальттын экинчи катмары төшөлүп жатат.

Долбоор толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. III техникалык категориядагы жол эки тилкелүү болуп, оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө ылайыкталып курулууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-26-at-12.04.06.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-26-at-12.04.07-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-26-at-12.04.07.jpeg)