> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Профсоюз көчөсүн узартуу иштерине 43 техника, 54 жумушчу тартылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/28/bishkektegi-profsoiuz-kochosun-uzartuu-ishterine-43-tekhnika-54-zhumushchu-tartyldy/
- Published: 2026-05-28T08:40:47.000Z
- Updated: 2026-05-28T08:40:46.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарындагы Профсоюз көчөсүн Кустанайдан Чүй облусунун Сокулук районундагы Түндүк айланма жолуна чейин улантуу боюнча жаңы унаа жолу курулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.**

Маалыматка таянсак, долбоорго ылайык, жолдун жалпы узундугу – 8,5 чакырым болот. Жолдун борбордук огу толугу менен белгиленип, 8 500 метр аралыкта геодезиялык иштер жүргүзүлдү.

> *Учурда жер иштери менен кошо жол тилкесиндеги өсүмдүктүү топурак катмарын тазалоо иштери аткарылууда.* 

Курулуш аянтында 43 атайын техника жана 54 жумушчу күчү иш алып барууда. 

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) **жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан  
**окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз*!