> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги “Анар-Бак” конушуна автобус жүрүп баштады
- URL: https://im.kg/transport/2026/05/30/bishkektegi-anar-bak-konushuna-avtobus-zhurup-bashtady/
- Published: 2026-05-30T06:20:01.000Z
- Updated: 2026-05-30T06:20:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**30-майдан тарта Бишкек шаарында №36 автобус каттамынын кыймыл схемасына өзгөртүү киргизилип, “Анар-Бак” конушу камтылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.**

> *Маалыматка караганда, бул чечим аталган конуштун тургундары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.*

Белгиленгендей, “Анар-Бак” конушунда коомдук транспортту уюштуруу маселеси Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин Октябрь районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн.

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) **жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан  
**окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз*!