> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылы 94,3 чакырым жолго асфальт төшөлгөн
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/03/2025-zhyly-94-3-chakyrym-zholgo-asfalt-tosholgon/
- Published: 2026-06-03T03:41:44.000Z
- Updated: 2026-06-03T03:41:44.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштеринин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу кыйла жогорулады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.**

> *Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкө боюнча июнь айына карата жалпы 94,3 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. 2026-жылы бул көрсөткүч 301,9 чакырымга жетти. Бул өткөн жылдын жыйынтыгына караганда асфальт төшөө иштеринин көлөмү туптуура 3,2 эсеге көбөйгөндүгүн тастыктайт.* 

Жол курулушундагы мындай олуттуу секирик мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен жана министрликтин ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун натыйжасында ишке ашууда. Жолдордун курулушу министрликтин көзөмөлүндө. 

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) **жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан  
**окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз*!