> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин Месарош көчөсүнө асфальт төшөлүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/03/bishkektin-mesarosh-kochosuno-asfalt-tosholuudo/
- Published: 2026-06-03T06:00:07.000Z
- Updated: 2026-06-03T06:00:06.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Месарош көчөсү Профсоюз көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин улантууда. Бул иштер 2026-жылга карата титулдук тизменин алкагында жүргүзүлүп жатат.**

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, учурда объектте асфальт-бетон жабуусун төшөө иштери жүрүүдө. Оңдолуп жаткан жол тилкесинин жалпы узундугу 1350 метрди түзөт.

> *Долбоорду ишке ашырууда ресайклер атайын заманбап технологиясы пайдаланылууда. Бул ыкма жол жабуусун бекемдеп, сапатын жогорулатып, анын мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк берет.*

Пландалган бардык иштер аяктагандан кийин борбор калаанын тургундары жана коноктору заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу жол инфраструктурасын пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат.