> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Балыкчы – Нарын –Торугарт жолу кардан тазаланып, жол ачылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/05/bishkek-balykchy-naryn-torugart-zholu-kardan-tazalanyp-zhol-achyldy/
- Published: 2026-06-05T14:05:35.000Z
- Updated: 2026-06-05T14:05:34.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бишкек – Балыкчы – Нарын –Торугарт унаа жолунун 470-544 чакырым аралыгы кардан тазаланып, эки тараптуу каттам берилди.** 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан белгилешинче, учурда министрликтин кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө.

> *Буга чейин Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт автожолунун 445-544-чакырымына түндө кар жаап, анын калыңдыгы 25-35 сантиметрге чейин жеткен.*

Министрлик тоолуу аймактарда аба ырайы кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты ашырбай, коопсуздук аралыкты так сактоого чакырат.