> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарындагы Исакеев көчөсүнүн жолу оңдолууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/05/bishkek-shaaryndagy-isakeev-kochosunun-zholu-ondoluuda/
- Published: 2026-06-05T07:45:17.000Z
- Updated: 2026-06-05T07:45:16.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан Исакеев көчөсү Достоевский көчөсүнөн Виноградная көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.**

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, капиталдык оңдоодон өтүп жаткан жолдун узундугу 1100 метрди түзөт.

> *Долбоордун алкагында заманбап жол жабуусун төшөө менен катар жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана жаан-чачын сууларын агызуу үчүн ирригациялык система куруу каралган.*

Бул долбоор шаардык инфраструктуранын сапатын жакшыртууга, жол коопсуздугун камсыз кылууга жана борбор калаанын тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.