> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түндүк – Түштүк жолу таш көчкүдөн тазаланууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/06/05/tunduk-tushtuk-zholu-tash-kochkudon-tazalanuuda/
- Published: 2026-06-05T07:15:31.000Z
- Updated: 2026-06-05T07:15:30.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна түшкөн ири көлөмдөгү таш көчкүнүн болжолдуу көлөмү 55-60 миң куб метрди түзөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, учурда жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.Таш көчкүнү тазалоо иштерине 2 экскаватор, 2 ХОВО жүктөгүч, 2 погрузчик тартылды. Ошондой эле башка аймактагы жол тейлөө ишканаларынан техникалар тартылууда. Дагы кошумча маалымат берилет.

> *Белгилей кетсек, 4-июнда саат болжол менен 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган.*

Министрлик айдоочуларга коопсуздукту камсыз кылуу максатында аталган тилке аркылуу убактылуу каттамга чыкпай турууну, жол эрежелерин жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так сактоону эскертет.